Сармерден
Мыктыдан мыкты иргелген,
Тандалып баары бир келген.
Кызыктуу оюн курушат
Кыз-жигиттен Сармерден!!!»-демекчи, улуу кыргыз элибиздин көөнөргүс салттардын бири болгон кыз-жигит оюну орто топтун жана жогорку топтун тарбиялануучулардын катышуусунда болуп өттү. Б ул оюн-зоок кечеси улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүн үч айлыгына карата абдан мыкты деңгээлде уюштурулду.
Салттуу оюн Сармерденде алгач «Манас» эпосунан орто топтун балдары тараптан да, жогорку топтун балдары тараптан да үзүндүлөр айтылды.
Келечек муундун эзелки салтты жандандырып, ырларды аткарып, чимириле бий бийлеп, макал-лакаптарды айтып, табышмактын жандырмагын чечишти. Сармерден оюну улуттук оюндар чака чаппай, кол күрөш жана аркан тартмай оюндарын ойнотуу менен жыйынтакталды. Сонунда эки тарап тең чыгып достук женгенин калыстар тобу тарабынан айтылды.
Комментарии