Бакчабызда тил майрам
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына карата Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмундагы ар бир тайпа «Эне тил биздин бакчада» деген темада дубал газета уюштурулду. Бул дубал газетада эне тилди даңтаган ырлар, макал-лакаптар, кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан кыргыздын улуттук турак жайы, буюмдары камтылып илинди.
1-кенже топтун тарбиячысы Н.Жээналиева «Улут наркы- улуу тил» деген темада ачык сабак өттү.Балдарга кыргыз тилин улуулугун, ыйыктыгын, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин жана эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай билүү жонундо өз сөзүндө кеңири айтып түшүндүрдү.
«Эне тил элди сактайт» деген темада 2-кенже топтун тарбиячысы А.Жунусова ачык сабак өттү. Балдарга кыргыз тилинин улуттук баалуулуктары болгон буюмдардын ичинен балдарга тааныш эмес болгон көөкөр буюмун жасатты. Демек көөкөргө кадырлуу меймандарга улуттук суусундук кымыз куюлуп берилери айтылды.
«Элдин үрп-адаты, каада-салты менен тааныштырууну, ал аркылуу ыймандуулукка, патриоттуулукка чакырып, балдарды руханий жана адеп- ахлактык баалуулуктарга үйрөтүү максатында ортонку топтун тарбиячысы Нарынбек кызы Айчолпон ачык сабак өттү. Сабак көрсөтмөлүү болуп, балдардын купулуна толду.
Улуу топтун тарбиячысы Г.Абдыраимова, музыкалык жетекчи Г Кыдыкова «Бакчабызда тил майрам» аттуу музыкалык кече өтүшүп, кече Ч. Айтматовдун «Бугу эне» жомогу менен башталды. Кыргыз тилине арналган көөнөрбөс сөздөр, улуттук бийлер,обондуу ырлар менен коштолдулду. Бүгүнкү кече балдардын көкүрөгүнө кыт кылып уюта турган улуу тилектер менен аяталды.
Аруу тилектерге жеткизген улуу жолдорубуз байсалдуу, ак жолтой болсун! Ата- бабаң өткөн элинди сүй, түптүү кыргыз элинди сүй, элиң сүйгөн эне тилинди сүй, Ата мекенге, элге, эне тилге Кошой, Бакай, Манастай күй!
Комментарии