Чоң атамдын, чоң энемдин жомогу
Жанылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмунда 2023-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программанын ишке ашыруунун негизинде «Чоң атамдын, чоң энемдин жомогу» деген темада жомоктор өтүлдү.
Балдарды тарбиялоодо эң таасирдүү чыгармалардын бири бул-жомок. Бала тигилип көргөн мультфильм да жомоктун негизинде тартылат. Анын баалуулугу-тарбиялык касиетинде. Кайсы элдин жомогу болбосун, ал баланы улууну урматтап, кичүүнү ызаттоого, чынчылдык, сылыктык, кичи пейилдик, эр жүрөктүүлүк, сабырдуулук сыяктуу адамдык мыкты сапаттарга тарбиялайт. Жомок укан наристенин ой.жүгүртүүсү жакшы өнүгөт. Анткени жомок угуп жатканда ал каармандарды элестетип алып, анда жашайт. Кызыктуу жомокторду өтүү менен тарбиячылар балдардын ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө өбөлгө түзүшөт. Иш-чаранын негизинде тарбиячылар чоң ата, чоң апаларды чакырышып, жомокторун өтүшүп, келечек муундарына жомок аркылуу туура тарбия бере алышты
Комментарии