Аннотация
Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо
районунун Казарман айылындагы
Жаңылмырза мектепке чейинки билим
берүү уюмунун аннотациясы
Бала бакча 1992-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Жалпы сыйымдуулугу 110 балага ылайыкталган, типтүү объект болуп эсептелет. 1977-жылдан 2006-жылга чейин “ Алтын Ачкыч” балдар бакчасы деп аталып, бул жылдар аралыгында Иманбердиева Жаңылмырза Исаевна жетектеген. Союздун ураган учуруна туура келип, материалдык-техникалык базасы өтө начар абалда болсо да бала бакчанын таланып, тонолушуна жол бербей сактап, иштетип турган. 2006-жылы же өмүрүнүн акырына чейин 29 жыл ушул балдар бакчасында кенже курактагы балдарды тарбиялоого арнаган “Баатыр Эненин” ысымы анын көзү өткөндөн кийин Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 06.09.2016-жылдагы онунчу сессиясынын чечими менен бакчанын аты өзгөртүлүп, Жаңылмырза балдар бакчасы болуп аталды.
2006-2019-жылдары бала бакчанын директору Төлөгөнова Айымбүбү болгон. АРИС долбоору жана түрткү берүүчү гранттын, айыл өкмөтүнүн жардамы менен материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча бир нече иштер жасалды. 2015-2016-жылдары бала бакчанын 1-2-кабаты оңдолуп түздөлдү, сырты шыбалып, чатыры алмаштырылды, эшик алдына брусчатка төшөлдү.
2019-жылдын март айынан баштап, Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору болуп Кадыржанова Женишгүл Токтоназаровна иштеп жатат.
2019-жылдын сентябрь айынан баштап, бала бакчада 4 тайпа ачылып, толук кандуу иштей баштады.
Бүгүнкү күндө бала бакчада жалпы 24 адам эмгектенет. Анын ичинен 11 тарбиячы балдарга билим-тарбия берүүдө. Анын ичинен 10 тарбиячы жогорку билимдүү, 1 тарбиячы бүтпөгөн жогорку билими бар. 3 тарбиячы “Билим берүүнүн мыктысы”төш белгисинин ээси, 4 тарбиячы Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Тогуз-Торо районунун ар тараптуу өнүгүшү үчүн кошкон эмгектерин баалоо максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган “ Жылдын мыктылары” номинациясында өз ишине так жана жоопкерчилик менен мамиле кылып,“ 2019-Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылында районубуздун билим берүү тармагынын абалын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмуна “ Жылдын мыкты бала бакчасы-2019” наамы ыйгарылган.
2021-жылдын сентябрь айында “ 2021-жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму” областтык кароо-сынагына катышып, биринчи орунга ээ болуп, I даражадагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган
“Жылдын мыктылары” номинациясында Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Жылдын мыкты бала бакчасы-2021” наамы ыйгарылган.
2019-жылы АРИС уюмуна 16млн 996 миң сомдук бала бакчаны “ Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору өткөрүлүп, 2022-жылдын август айынан баштап, капиталдык ремонт иштери башталган. Долбоор боюнча бала бакча үчүн төмөндөгүдөй жумуштар жүргүзүлдү: каалга,терезелердин айланасын бекемдөө, электропроводдор толугу менен алмашылды. Имараттын каркасы: тышкы дубалдарда, чатырда жана полдо жылуулукту изоляциялоо, терезелерди жана эшиктерди алмаштыруу, жылуулук алмашуу менен вентиляция системасы, имаратта энергонатыйжалуу жарыктандыруу (жарыкдиод), имараттарды жылытуу үчүн жылуулук насостору, ысык суу менен камсыз кылуу, канализация системасы, өрттөн жана чагылгандан сактоочу сигнализациялар жана трансформатордук подстанция коюлду.
2023-жылдын 24-майында бала бакчанын ачылышы болду.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жарыяланган
“Жылдын мыктылары” номинациясында Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Жылдын мыкты бала бакчасы-2023” наамы ыйгарылган.
Комментарии