Карысы бардын-ырысы бар
Кыргыз Республикасынын «Балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун» эл аралык күнүнө карата 2024-жылдын 16-сентябрынан 16- октябрына чейин «Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлык акциянын алкагында Жаңылмырза мектепке чейинки билим берүү уюмунда иш-чаралар уюштурулду
Иш-чаранын негизинде тарбиячылар Уланбек к.Б, Асангелди. к.Э Г.Салташова, Нарынбек к А, Г.Абдыраимова «Карысы бардын- ырысы бар» деген темада ачык сабак өтүштү.
Бул сабакка атайын Жанылмырза бала бакчасында иштеп кеткен, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууга чыккан апалар жана бала бакчада эмгектенип жаткан пенсия курактагы байкерлерди, эжелерди чакырдык.
Сабакта кары адамга ким сый урмат көрсөтсө, ал сөссүз өзүнө кайтаары тууралуу ой-пикирлер айтылды. Ата жөлөп турган тирек, эне акыл насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келип, татыктуу тарбиясын берген ата-энелер. Ошондуктан ата-энени сөз менен эмес иш-аракет, ак эмгек менен сыйлай билүү жөнүндө акыл кеңештер тарбия ирээтинде балдарга айтылды. Балдар кары адамдардын жашоодогу орду жөнүндө толук маалымат алышты. Кары адамдарды сыйлоо, урматтоо элибиздин салты экендигин түшүнүшүп, аларга ар дайым сылык мамиле, камкордук көрсөтүү тууралуу билишти. Келген меймандарга балдардын арнаган каалоо-тилектери, ыр бийлери тартууланып, балдардын өнөрлөрүнө күбө болуп, ак баталарын беришип, ыраазычылыктарын айтып кайтышты.
Төрдүн көркү, элдин көркү карылар,
Төрүбүздө урмат көрчү маалыңар,
Дем күч болуп, жалындаган жаштарга
Ден соолукта жүрүңүздөр баарыңар.
Комментарии